Радио

Зыярат Эсенбай: спорт баяндамачыларын даярдаган атайын мектеп жок

КТРК спорт каналынын алып баруучусу жана баяндамачысы Зыярат Эсенбай спорт журналисттерин даярдаган мектеп жок болсо да Кыргызстанда спорт каналдардын ачылуусу жетишкендик экенин айтты.
Sputnik
Зыярат Эсенбай: спорт баяндамачыларын даярдаган атайын мектеп жок

Спорт журналисттерин даярдаган атайын мектеп жок. Баяндамачы болом дегендер спорт каналында иштегендердин тажрыйбасынан гана үйрөнүп жатат. Бул тууралуу Зыярат Эсенбай Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баяндамачы болуу — чоң жоопкерчилик.

"Кыргызстанда спорттук журналистикага басым жасап, атайын спорт баяндамачыларын окуткан мектеп жок. Бизге жаңы баяндамачы келе турган болсо кесиптештерим өз тажрыйбасы менен бөлүшөт. Ошентсе да спорт мектептери жок деп отуруп калган жокпуз. Бул багытта жол салып кеткен агаларыбыздын аркасынан талыкпай иштөөнү уланта бермекчибиз. Биздин жумуш сырттан караган кишиге жеңил көрүнүшү мүмкүн, бирок чындыгында баяндамачы болуп, спортчулардын ар бир кыймылын көрүүчүгө жеткирүү үчүн да бир топ аракеттер талап кылынат", — деди баяндамачы.

Ал спорттук оюндардын ичинен өзгөчө футбол ынтымакты бекемдей турганын кошумчалады.