Азаматсың! Акжол Махмудов каршылашын 1,5 мүнөттө жеңип финалга чыкты

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашууда.
Sputnik

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik.Акжол Махмудов Азия оюндарында түркмөнстандык Шермет Пермановду бир жарым мүнөттүн ичинде жеңип финалга чыкты.

Айсулуу Тыныбекова Азиадада алтынга жетпей калышынын себебин түшүндүрдү. Видео
Акжолдун жасаган эки ыкмасы ийгиликтүү болуп натыйжада 8:0 эсеби менен жеңишти камсыздады. Эми алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдык беттештер саат 18.00дө башталат.

Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашууда.

Биринчи айлампада Олимпиада чемпиону, кориялык Ким Хен У аттуу спортчуну 7:3 эсебинде утуп алган. Андан соң өзбекстандык Билан Нальгиев менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп 6:4 эсебинде жеңген

Акжол Махмудов 19 жашта. Азиянын кадеттер арасындагы үч жолку чемпиону. Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын медаль уткан. Мындан сырткары, дүйнө биринчилигинин күмүш, эл аралык турнирлердин алтын байге ээси.