Ысык-Көлдө 16 жаштагы өспүрүм чөгүп кетип каза болду

Куткаруучулар жана суучулдар өспүрүмдүн сөөгүн табышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө эс алып жүргөн өспүрүм Чолпон-Атанын борбордук пляжында чөгүп кетти. Бул туралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка ылайык бир адам сууга чөгүп кеткени туурасында бүгүн, 21-августта саат 11.30да чакыруу түшкөн. 

Аталган жайга үч куткаруучу жана эки суучул барган. Саат 12.15де баланын сөөгүн таап милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 

Окуянын чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат жок.