Путин мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады

Россия лидери Курман айт майрамы коомду адилеттүүлүккө, ынтымакка үндөп, жакындарга жана курчап турган айланага мээримдүү болууга чакырарын белгиледи.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин жалпы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктап, ислам элин биримдикке үндөөрүн баса белгиледи. Өлкө башчысынын куттуктоосу Кремлдин сайтына жарыяланды.

Путин Курман айт коомду адилеттүүлүккө, ынтымакка үндөп, жакындарга жана курчап турган айланага мээримдүү болууга чакырарын белгилеген.

"Бүгүнкү күндө Россиядагы мусулмандар исламдын нагыз баалуулуктарын карманып келе жатканы өтө маанилүү. Бул нерсе биздин өлкөдө кылымдарды карытып жашап келе жаткан ар кайсы улуттардын ынтымакта болушуна шарт түзөт", — деп айтылат куттуктоодо.

Буга чейин кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков куттуктап, ар бир үйгө тынчтык, бакубат жашоо жана аманчылык каалаган.