Балбан Мээрим Жуманазарова Азия оюндарынан коло медаль утту. Сүрөт

Кыргызстандык спортчу 68 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыз келиндер арасындагы күрөш боюнча Мээрим Жуманазарова коло байге утту. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. 

Азиатские игры 2018. Женская борьба до 68 кг. Борьба за третье месте

Спортчу 68 килограмм салмак категориясы боюнча күч сынашты. Жуманазарова жарым финалда кытайлык Зоу Фенгге 2:9 эсебинде утулуп калган. Ал атаандашы финалга чыккандыктан Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө жолдомо алган. Бул беттеште япониялык Аяна Гемпей менен кез келип 7:3 эсебинде жеңишти камсыздады.

Ушуну менен Кыргызстандын куржунуна Азия оюндарынан үчүнчү медаль келип түштү. Буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш медаль уткан.