Каныбек Жолчубеков Азиададан Кыргызстанга үчүнчү күмүш байгени алып келди

Кыргызстандык балбан финалда япониялык Шинабу Ота менен кез келип, ал таза жеңиш менен утуп кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Жакарта шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында грек-рим күрөшүнөн Каныбек Жолчубеков күмүш медаль утту.

Кыргызстандык балбан финалда япониялык Шинабу Ота менен кез келип, ал таза жеңиш менен утуп кетти. Ошентип Жолчубеков жеңилүү ызасын тартып, күмүш меделга ээ болду. 

Азиатские игры 2018. Греок-римская борьба до 60 кг. Финал

Ал атаандашы менен буга чейин Бишкекте өткөн Азия чемпионатынын чейрек финалында дагы күрөшүп жеңилип калган болчу. Анда япониялык балбан алтын медаль уткан. Ал ошондой эле Рио-де-Жанейро Олимпиадасынын күмүш медалынын ээси. 

Азиатские игры 2018. Греок-римская борьба до 60 кг. Финал

Дагы бир медаль! Айпери Медет кызы коло утту. Сүрөт
Жолчубеков 60 килограмм салмак категориясында кармашка чыгып жатат. Ал биринчи айлампада Түндүк Кореядан келген Ри Се Унг аттуу балбанды 10:2, экинчи айлампада кытайлык Сайлак Валиханды 6:1 эсеби менен жеңген. Жарым финалда казакстандык Мирамбек Айнагулов менен кез келип 53 секунддун ичинде жеңишти камсыздап финалга чыккан.

Белгилей кетсек, буга чейин кыз-келиндер арасындагы күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, эркин күрөштөн Магомед Мусаев күмүш медаль уткан. Ал эми Айпери Медет кызы менен Мээрим Жуманазарова коло байгеге ээ болушкан. Жалпы жонунан Кыргызстандын байге куржунуна беш медаль чогулду.