Бишкекте эки унаа кагышып балдар жабыркады. Сүрөт

Жеринде Тез жардам кызматы иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. – Sputnik. Бишкектеги 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, адамдар жабыркады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине күбө билдирди. 

1 / 3
Бишкектеги 7-апрель менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде эки унаа кагышып, адамдар жабыркады
2 / 3
Көчөлөрдүн кесилишинен Honda менен Toyota үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан.
3 / 3
Анын кеспетинен 5-6 жаштагы бала, 10 жаштар чамасындагы кыз, бир аял жана эки айдоочу жаракат алган.

Анын айтымында, көчөлөрдүн кесилишинен Honda менен Toyota үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Анын кеспетинен 5-6 жаштагы бала, 10 жаштар чамасындагы кыз, бир аял жана эки айдоочу жаракат алган. 

Бишкектеги кооптуу кесилиш! Бир күндө дагы эки жол кырсык болду. Сүрөт
Күбө жеринде милиция менен медицина кызматкерлери иштеп жатканын кошумчалады.

Тез жардам кызматы Sputnik агенттигинин кабарчысына аталган дарек боюнча чакыруу түшкөнүн ырастап, азырынча канча адам жабыркаганы жана кандай жаракаттарды алганы айтыла электигин билдиришти.