Бишкекте оңдоо иштеринен кийин өкмөттүк трассанын бир бөлүгү ачылды. Сүрөт

Проспектини асфальттоо, бордюрларды жаңыртуу иши 20-августта толугу менен бүткөрүлдү.
Sputnik

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери жарым-жартылай соңуна чыгып Бөкөнбаевден Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 2
Айтматов менен Манас проспектилериндеги оңдоо иштери жарым-жартылай соңуна чыгып Бөкөнбаевден Горький көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.
2 / 2
Аталган проспектини асфальтоо жана бордюрларды жаңыртуу иши 20-август күнү толугу менен бүткөрүлдү.

Билдирүүгө ылайык, аталган проспектини асфальтоо жана бордюрларды жаңыртуу иши 20-август күнү толугу менен бүткөрүлдү.

"Шаардыктарга курман айт майрамы күнү ыңгайлуу болсун деп кечинде жол чийиндер чийилип, жол эртең менен ачылды. Негизи ал тилкени 28-августка чейин соңуна чыгаруу пландалган болчу, бирок андан эрте бүтүрүүгө жетиштик. Ал эми проспектинин калган бөлүгүндө иш кызуу жүрүүдө. Буюрса жакында колдонууга берилет", —деп аталган башкармалыктан маалымдашты.

Жолдун аталган тилкеси 31-июлда жабылган.