Эл аянтка таңкы саат 06:30дан бери топтоло баштады.
Айт намаздын программасы төмөнкүчө:
06:30-07:15 — дин аалымдарынын баяндамалары;
07:15-07:35 — муфтийдин орун басарынын куттуктоосу жана баяндамасы;
07:35-07:45 — өкмөттүн куттуктоосу;
07:45 — айт намаз.
Адатта Курман айт орозо аяктагандан кийин 70 күндөн кийин белгиленет. Былтыр Курман айт 1-сентябрга туш келген.
Курман айт күнү Бишкектин кайсы көчөлөрүнө убактылуу чектөө киргизилерин Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.