Кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө жабылат

Кыргыз-кытай чек арасында эки көзөмөл өткөрүү бекети бар.
Sputnik

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кытай бийлигинин демилгеси менен чек ара беш күнгө жабылмай болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, Курман айт майрамына карата "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттерине 22-августтан 26-августка чейин чектөө киргизилет.

Унаалар менен жарандар чек арадан 27-августтан тарта өтө баштайт.