Ош шаарынын казысы Курман айт намазы кайда окуларын айтты

Буга чейин муфтият Курман айт 21-августта белгиленерин айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев жалпы имамдарга жыйын өтүп, айт намаздын борбордук аянтта окулуусу боюнча маалымат берди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Муфтият Курман айт намазынын программасын жарыялады
Эскерте кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын ди башкармалыгы буга чейин Курман айт 21-августта белгиленерин айткан.

Казынын имамдар менен жолугушуусу "Имам-аль Бухарий Алай" мечитинде болгон. Жыйында азанды өз убагында айтуу, жума хутбасын муфтият бекитекен тартипте окуу маселелери каралып, шаар казысынын орун басары Анасхан ажы Ташхужаев имамдардын кетирген кемчилдиктерине бир катар эскертүүлөрдү беришти.