БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Борбордук Африкада жайгашкан Габон мамлекетинин футбол боюнча курама командасынын мурунку чабуулчусу Шива Н'Зигу анын "футбол дүйнөсүндө өсүп-өгүүсү үчүн" энеси курмандыкка чалынганын Le Chroniques du Gabon каналына маек куруп жатып айтып берген. Бул тууралуу Sputnik Франция жазып чыкты.
Шиванын атасы жубайын уулунун спорттук карьерасы үчүн өлтүргөнүн түшүндүргөн.
"Апам о дүйнөдө. Анын мен үчүн курмандыкка чалынганын айтып кетишим керек. Мен көптөгөн келишимге кол койдум. Бул биздин үй-бүлөнү акчага марытты. Апамды өлтүргөн атам дал ушуга ишенген. Бирок акча көптөгөн чуунун себепкери да болгонун белгилейм", — деди спортчу.
Шиванын айтымында, үй ээси жубайынын көзүн уулунун каршылыгына карабай тазалаган.
Футболчу карьерасынын башталышында ата-энеси документтерин жасалмалап, атын өзгөртүп койгон, андан тышкары жаш курагы да беш жылга кыскарып калган. Азыр Шива 35 эмес, 40 жашта экени белгилүү болду.
Н'Зигу Габондун курама камандасында 2000-жылдан 2008-жылга чейин ойноп, 2016-жылы футболдон кеткен. Улуттук команданын курамында 24 беттеш өткөрүп, беш гол киргизген.