99 жыл мурун 19-августта расмий Кабул Улуу Британиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Афган эли өзүнүн азаттыгы үчүн Англия менен үч ирет согушуп, анын натыйжасында эгемендүүлүккө жетет.
Борбор Азия дарбазасынын ачкычы талашка түшкөндө же "Чоң оюн"
Афганистан Евразиянын чок ортосунда жайгашкан. Өлкөнү "Борбордук Азия дарбазысынын ачкычы" деп Владимир Ленин айткан.
XIX кылымдан баштап Афганистанды көзөмөлдөө үчүн Улуу Британия менен Россия империясынын ортосунда айыгышкан күрөш жүрөт. Бул күрөш геосаясатта "Чоң оюн" деп аталды. Белгилей кетсек, жогоруда айтылган терминди геосаясатта биринчи ирет белгилүү англиялык чалгынчы, саякатчы жана жазуучу Артур Конноли колдонгон. "Чоң оюн" деп аталган геосаясий күрөштө эки империянын бир далай чалгынчылары менен тыңчылары курман болгон. Азыркы күндө да алардын көпчүлүгүнүн ысымдары белгисиз бойдон калууда. 1820-жылдан баштап Англия Афганистанды акырындык менен баш ийдиргенге киришет. Улуу Британиянын мындай баскынчы саясатынан чочулаган Афганистандын падышасы Дост-Мухаммед Россияга жардам берүү өтүнүчү менен кайрылууга мажбур болот. Лондон Кабулдун мындай аракетин шылтоо кылып өлкөгө каршы согуш жарыялайт.
Согуштун кээри
Кайра талашка түшкөн Афганистан
XIX кылымдын ортосунда Россия менен Англиянын ортосунда кайрадан Афганистан үчүн күрөш күчөйт. Себеби 1850-жылдан баштап 1876-жылга чейин Россия Кокон, Бухара жана Хива хандыктарын багындырат. Эске сала кетсек, ошол мезгилде Кокон хандыгынын курамына кирген Кыргызстандын аймагы орус империясынын букаралыгына өтөт. Англия Россия жогоруда айтылган хандыктарды баш ийдиргенден кийин өзүнүн таажысында эң кымбат асыл таш деп атаган колониясы Индияны басып алат деп сестенет. Анын үстүнө 1878-жылы жайында Кабулга Санкт-Петербургдан дипломатиялык миссия келет. Ал эми англиялык маалымат каражаттары Россия мындай кадамы менен Лондондун кызыкчылыгына сокку уруп жатат деген айыпты тагат. Ошол эле жылы күзүндө Улуу Британия бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, экинчи ирет Афганистанга согуш ачат.
Карттуу жара. Памирди бөлүү
1895-жылы Англия менен Россия Памирди бөлүү боюнча бир пикирге келишет. Анын натыйжасында кыргыздар жашаган стратегиялык жактан абдан маанилүү Вахан коридору Улуу Британия менен Россиянын ортосундагы буфердик тилке болуп калган. Памирди мындай бөлүштүрүү менен жергиликтүү элдин кызыкчылыгын такыр эске алган эмес. Натыйжада эки дөөнүн кармашынан кыргыздар жабыр тарткан. Мисалы, памирлик кандаштар жердеген Оксуу өрөөнүнүн жарымы Афганистандын карамагына өткөндөн кийин алардын жайыты тарыган. Орус тарыхчысы Леонид Харюков өзүнүн "Англо–русское соперничество и исмаилизм" деген китебинде "Бүгүнкү күндө жогоруда айтылган Памирди ушундай бөлүү жергиликтүү элдин тарыхый өнүүгүсүнө терс залакасын тийгизүүдө " деп жазган.
Афган патриотторунун эрдиги
Ошол эле убакта Ата Мекени Улуу Британияга көз каранды болгонуна нааразы болгон афган патриоттору тымызын күрөшкө даярдана баштайт. Көксөгөн максатка жетүүгө Биринчи дүйнөлүк согуш жардам берди деген пикирди айтууга болот.
1914-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш башталардын алдында Афганистандын падышасы Абдур-Рахман хандын уулу Хабибулла хан Германиядан замбирек сатып алган. Согуш башталганда ал Афганистан бейтарап саясат карманарын жар салган. Бирок Афганистанга ар түрдүү жолдор менен түрк менен немис чалгынчылары өтүп, Хабибулла хан менен тил табышат. Чалгынчылар Улуу Британиянын колониясы Индияга каршы афган тайпаларынын көтөрүлүшүн уюштурууга жетишет. Жогоруда айтылган чалгынчылардын мындай иш аракетине Англия жана Россия бөгөт коёт. Түрк менен немис чалгынчылары кетээр алдында Хабибулла ханды Англиядан баш ийбеген саясат жүргүзүүгө ынандырып кетишет. Биринчи дүйнөлүк согуш аяктагандан кийин Афганистан менен Улуу Британиянын ортосунда мамиле кескин бузулат. Анткени Хабибулла хан Англиядан Афганистанга толук эгемендүүлүк берүүнү жана чыгыш афгандар жашаган аймактарды кайтарып берүүнү талап кылат. Тилекке каршы, бир аз убакыттан кийин Хабибулла хан белгисиз себептен каза болот. Анын мураскери Аманулла хан Афганистанды Улуу Британиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялап, 1919-жылы 3-майда Англияга каршы согуш жарыялайт. Бул кармашта Хабибулла хан Германиядан сатып алган артиллеррия чоң роль ойнойт. Белгилей кетсек, ал замбиректерден Уулу Британияга каршы немис жана австриялык офицерлер ок атышкан. Эң кызыгы, 1-июлда чет элдик офицерлер Афганистандан чыгып кетип жатканда советтик элчиликтин өкүлдөрү менен жолугат.
Афган эли дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү державаны жеңип жана көз карандысыз мамлекетин түзгөнү кыргыз патриотторуна өлкөбүздүн пайдубалын түптөгөнгө үлгү болгонун айтып кетүү керек..