БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 18-августта, Ысык-Көл облусуна барып, Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары турган Кырчын жайлоосуна барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кыматынан кабарлашты.
Григорьев капчыгайындагы Кырчында "Кыргыз айылы" боз үй шаарчасы түзүлүп, көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтөт.
Этно-шаарчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жеринде электр чубалгыларынын 80 түркүгү жана 5 трансформатор орнотулуп, чыгуучу дарбаза коюлуп, мал союучу жай жана жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү курулган.
Аталган жолду Кырчын жайлоосуна баруучу башка жолдордогу кыймылды азайтуучу альтернативалык жолго айлантуу каралган.
2018-жылдын 2-сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары башталып, 8-сентябрда аяктайт. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өтөт.