Жээнбеков теолог Кадыр Маликовду кабыл алды. Эмне кеп болду?

Өлкө башчы мындан бир ай мурун жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, анда диний кырдаалга байланыштуу маселелер көтөрүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков диний аалым Кадыр Маликовду кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда мамлекеттик диний саясаттын артыкчылыктуу багыттары, мамлекет менен дин ортосундагы өз ара аракеттенишүү, ошондой эле диний сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу жөнүндө пикир алмашуу болду. 

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 19-июлунда президент жарандык коомдун өкүлдөрү менен кезигип, анда теолог динге, бүгүнкү күндөгү кырдаалга байланыштуу бир катар маселелерди көтөргөн.

Жээнбеков соттор менен милицияга: элдин эсебинен жашаганды токтоткула!
Жээнбеков диний чөйрөнү мамлекеттик жөнгө салуу өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырыларын баса белгиледи. Ал ошондой эле динге карата мамлекеттик саясат мындан ары да бардык конфессиялар үчүн бирдей шарттарды түзүүнүн, ошондой эле диний жана светтик маданияттардын гармониялуу түрдө тынчтыкта жанаша жашоосун камсыз кылуунун негизинде улана турганын белгиледи.

Жолугушууда исламдын позитивдүү дараметин социалдык чөйрөдөгү көйгөйлөрдү чечүүдө, коомдогу руханий жана адеп-ахлактык чөйрөнү жакшыртууда, кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө пайдалануу зарылчылыгы белгиленди.