Шаардык кеңештин төрагасы Кененбаев президенттик аппаратка кызматка келди

Буга чейинки орун басар Досалы Эсеналиев президенттин Жарлыгы менен аппаратты жетектемей болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө тийиштүү Жарлыкка Сооронбай Жээнбековдун кол койгону айтылат.

Эскерте кетсек, бүгүн эле төрт айдан бери бош турган аппарат жетекчисинин кызматына Досалы Эсеналиев дайындалган болчу.