Чоң эне лезгинкага түшүп, элди таң калтырды. Грузияда тартылган видео

Улгайган аял шаңдуу музыкага берилип кетип аялдамада бийлей баштап, аны жаштар колдоп-коштоп кеткен.
Sputnik

Тбилисиде чоң апа менен топтошкон жаштар көчөдө лезгинка бийледи. Алты мүнөттүк видео YouTube каналына жарыяланган.

Турникте жаш жигиттей чимирилген 67 жаштагы Дамир Жунушов. Видео
Видеодо улгайган аял шаңдуу музыкага берилип кетип аялдамада бийлей баштайт, өзү менен кошо жаш жигитти ортого тартып, жаштардын баарын бийлеткенин көрүүгө болот.

Ошол учурда чоң эненин күүлүү бийин карап турган адамдардын биринин колунан телефондору түшүп кеткенин байкоого болот.

Бир аздан соң көңүл чордонунда кыз менен жигиттин бийи урунат. Комментарий калтыргандардын көбү бийден мурда адамдардын сулуулугу көңүлгө жакканын белгилешкен. Кыздарды ханзаадага салыштырышса, балдарды бийиктеги бүркүткө теңешкен. Анан албетте биринчи кезекте көңүл чордондо чоң апа турганын да айтышкан.