"Коопсуз шаарга" корочу 2,5 млрд. сомду ким төлөйт? Тендердин шарты

Долбоордун баасы 2,5 миллиард сомду түздү. Жолдорго 110 комплекс орнотуу пландалууда.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууда мамлекет бир дагы сом коротпойт. Бул тууралуу Маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 20-июлунда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында видео көзөмөл системасын орнотуу үчүн тендер жарыяланган болчу.

"Баштапкы баасы 2,5 миллиард сомду түзгөн. Ал эми тендер учурунда баасы төмөндөй бермекчи. Шарт боюнча жеңүүчү бардык чыгымдарды өз мойнуна алат. Тагыраагы, мамлекет долбоорду ишке ашырууда бир дагы тыйын коротпойт", — деп айтылат маалыматта.

Аукциондун эрежеси боюнча үчтөн кем эмес раунд өтөт, дагы эки кошумча раунд каралган. Муну менен катар катышуучулар бири-бирин көрө алышпайт. Жеңүүчү 23-августта мамлекеттик сатып алуулар порталындагы онлайн-аукциондун негизинде аныкталат. Эки лот болот, бири — фотофиксация, экинчиси — видеофиксация.

Абылгазиев Жээнбековго "Коопсуз шаар" долбоору кайсы этапта экенин айтып берди
Подрядчы жол эрежесин бузгандар үчүн фото-видео фиксация системасын Бишкектин жолдорундагы 38 кесилишке, төртөөнү чоң трассага жана 48ин шаар аралык трассаларга (Бишкек — Ош, Бишкек — Чалдыбар, Бишкек — Нарын — Торугарт, Бишкек — "Манас" жана Бишкек — "Ак-Жол" көзөмөл бекети) орнотот. Ошондой эле 20 көчмө комплекс, бардыгы 110 комплекс каралган.

Видео көзөмөлгө түшкөн маалыматтар ЖКККББ тарабынан каралып, унаа ээлерине жөнөтүлүп турат.

Долбоордун аталышы бир нече ирет өзгөргөн: алгач "Коопсуз шаар", андан кийин "Акылдуу шаар", эми кайра биринчи аталышын алды. Аны 2014-жылы жай айында өкмөт демилгелеген. Биринчи тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, экинчиси жарыяланган. 2015-жылдын январь айында россиялык "Стилсофт Бишкек" аттуу компания жеңүүчү аталган. Бирок ИИМ анын шарты менен макул болбой, сотко кайрылган. Кийинчерээк долбоорду кытайлык Huawei компаниясы ишке ашырары маалымдалган. Бирок инвестор талапты аткарбай койду деген жүйө менен келишим жокко чыгарылган. Буга чейинки өкмөт "Коопсуз шаарды" өз күчү менен ишке ашыра турганын жар салган болчу.