Көчмөндөр оюнунун тумары болчу жаныбар аныкталды. Маанай тартуулаган сүрөт

Талисмандын көркөм образын Төлгөбек Койчуманов жараткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Ак илбирс алдыда өтө турган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын тумары болуп кабыл алынганын катчылыктан билдиришти.

Бул жандык илгертен эле кыргыздар үчүн ыйык жаныбар болуп, ар дайым жоокерлердин коргоочусу катары эсептелгени айтылат. Көчмөндөр оюндарынын тумарынын көркөм образынын автору — режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов. 

Талисман предстоящих III Всемирных игр кочевников

"Ак илбирсти оюндун тумары катары киргизүү демилгеси бул жаныбарды коргоо менен байланыштуу. Ак илбирсти алда канча позитивдүү, меймандос, тынчтыкты жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик. Сүрөт үстүндө иштөөдө бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын тумарларынын үлгүсүнө карап жасадык", — деди Койчуманов.

Талисман предстоящих III Всемирных игр кочевников
Белгилей кетсек, ак илбирс Бишкектин желеги менен гербине символ катары түшүрүлгөн.

Адашпай таап барасыз! Көчмөндөр оюндарынын жол картасы ишке кирди
Ак илбирстин образы сулуулукту, эркиндикти жана күчтүүлүктү айгинелейт. Жаныбар тууралуу көптөгөн жомоктор жана уламыштар айтылып келет. Бул кыргыздардын көчмөн маданияты жандуу жана жансыз табиятка өзгөчө мамиледе экенин мүнөздөп турат. Ак илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага көптөгөн белгилүү адабий жана кино чыгармалар арналган.

Дүйнөдө ак илбирстин саны болжолдуу 3 миңден 7 миңге чейин жетип, Кызыл китепке киргизилген. Белгилүү болгондой ак илбир Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун, Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүн (Алай, Транс-Алай жана Түркстан тоо кыркалары) байырлаган.