Ошко барган президент Сооронбай Жээнбеков Путинге ыраазычылык билдирди

Жаңы-Жер чек ара заставасы буга чейин бала бакчанын эски имаратында иш жүргүзүп келген.
Sputnik

ОШ, 16-авг. – Sputnik. Араван районунда Жаңы-Жер чек ара заставасынын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Илгиз Талипов билдирди.

Иш-чарага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев баштаган топ жана чек ара заставасынын өкүлдөрү катышты.

1 / 5
Араван районунда Жаңы-Жер чек ара заставасынын жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.
2 / 5
Иш-чарага өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков, өкмөттүн Оштогу өкүлү Узарбек Жылкыбаев баштаган топ жана чек ара заставасынын өкүлдөрү катышты.
3 / 5
Президент өз сөзүндө Өзбекстан менен чек ара маселеси 85 пайызга такталганын айтты.
4 / 5
Ал ошондой эле коңшу өлкөлөр менен болгон мамиле бекемделип жатканын белгиледи.
5 / 5
Белгилей кетсек, Жаңы-Жер чек ара заставасы жайгашкан аймак Өзбекстандын Андижан облусунун Булак Башы району менен чектешкен.

Президент өз сөзүндө Өзбекстан менен чек ара маселеси 85 пайызга такталганын айтты.

"Мен өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп турганда бул застава бала бакчанын имаратында болчу. Себеби өзүнүкү жок эле. Эми жаңы имарат курулуп, ишке берилгенине абдан кубанып жатам. Буга каржылык колдоо көрсөткөн Владимир Путинге ыраазычылык билдирем", — деди президент.

Ал ошондой эле коңшу өлкөлөр менен болгон мамиле бекемделип жатканын белгиледи.

Аталык мээрим менен жоокерге тамак сунган Сооронбай Жээнбеков. Фотофакт
"Өзбекстан менен чек ара маселеси 85 пайызга такталып калды. Калган 15 пайызын дагы тактоо үчүн өкмөттөр аралык комиссия он күндөн эки мамлекетте иштеп жатат. Тажикстан менен дагы чек ара маселесин чечүү үчүн аракеттер жүрүүдө", — деди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Жаңы-Жер чек ара заставасы жайгашкан аймак Өзбекстандын Андижан облусунун Булак Башы району менен чектешкен. Аталган застава 1999-жылдан бери бала бакчанын эски имаратында иш жүргүзүп келген.