Сүйгөнү менен кер-мур айтышып кеткен киши 87 мык жутуп алган. Сүрөт

Чанчжоу аймагындагы ооруканага ичи ооруп жатат деп чыдабай калган кишини алып келишкен.
Sputnik

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Кытайда сүйгөнү менен чатакташа кеткен киши 87 мык жана 7 темир бекиткич жутуп алган. Бул туурасында Daily Mail жазды.

Тажикстанда ымыркайдын мурду менен төшүнөн он ийне алынды
Чанчжоу аймагындагы ооруканага ичи ооруп жатат деп чыдабай калган кишини алып келишкен. Дарыгерлер 25 жаштагы жигиттен жутуп алган мыктын баарын алып чыккан. Операция төрт саатка созулган. Маалыматта алардын узундугу 4–5 сантиметр болгондугу айтылган.

Дарыгерлер алгач сураганда кытай жигит нан менен кошуп, кокустан жеп алгандыгын айткан. Учурда ал ак халатчандардын көзөмөлүндө турат.