Жээнбеков Кыргызстан таза суу менен качан толук камсыз болорун айтты

Өлкө башчы иш сапары менен Ош жана Жалал-Абад облустарында жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жакынкы беш жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кочкор-Ата шаарынын тургундары менен жолугуп жатып билдирди.

Эскерте кетсек, өлкө башчынын түштүк аймакка сапары бүгүн башталган.

Аталык мээрим менен жоокерге тамак сунган Сооронбай Жээнбеков. Фотофакт
Үч сааттан ашуун убакытка созулган жолугушууда Жээнбеков Жалал-Абад энергетика менен өнөр жайдын чордону экенин блгилеп өттү. Мындан тышкары, тышкы саясатка токтолуп, Россияга, Белоруссия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркияга, Евросоюздун институттарына, Кытайга жасаган сапарлары жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып өттү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө региондорду өнүктүрүүгө басым жасап, кайра иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүү, экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын экспорттоо, фермерлерди жеткиликтүү кредиттер менен камсыз кылуу, ирригациялык системаны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналарын белгиледи.

"Биз кыргызстандыктардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган мына ушул бардык пландарды ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатабыз. Биздин түпкү максатыбыз — ички жана тышкы миграцияны кыскартуу, калкты жумушчу орундар менен камсыз кылуу", — деди Жээнбеков.

Президенттин айтымында, калкты таза суу менен камсыздоо стратегиясынын алкагында калктуу пунктуларда суу объектилери курулуп, ремонттолуп, пайдаланууга берилет. Ал эми жакынкы беш жылдын аралыгында Кыргызстандын бардык региондору таза суу менен камсыз болору айтылды.

Таза суунун тарифи көтөрүлсө эле жаңы конуштардын маселеси чечилеби? Пикирлер
Жээнбеков Кыргызстанды Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу, транспорттук чөйрөнү өнүктүрүү, чакан жана орто бизнести колдоо, адамдардын турмушун жакшыртуу маселелерине дагы токтолду.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдарын реформалоонун, сот реформасынын, коррупцияга каршы күрөштүн, парламенттик демократияны чыңдоонун алкагында көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнөн кийин жергиликтүү жашоочулар Сооронбай Жээнбековго жана мамлекеттик органдардын башчыларына суроо берип, жооп алышты.