Папан суу сактагычына чөгүп кеткен кишини 14 куткаруучу издеп жатат

Окуя туурасында 112 кызматына маалымат түнкү 10дон өткөндөн кийин түшкөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына 38 жаштагы киши чөгүп кетти. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бостериде көлгө чөгүп каза болгон 25 жаштагы кыздын сөөгү табылды
Окуя туурасында 112 кызматына маалымат 14-августта түнкү 10дон өткөндөн кийин түшкөн.

Сууга түшкөн кишини издөөгө ӨКМдин 14 куткаруучусу тартылган.

Быйылкы жагдай боюнча сөз кылсак, ӨКМ июль айынын аягында маалымат берип, быйыл өлкөдө 80 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 58и жай мезгилине туш келгендигин айткан.