Эки күндүк майрам! Ошто эл аралык жарманке өтөт

Иш-чарада Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандын компаниялары өз продукцияларын коомчулуктун назарына сунуштайт.
Sputnik

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында эл аралык көргөзмө-жарманке башталды. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Күндө майрам, күндө той! Ошто 31-августка чейин ишемби сайын концерт болот
Маалыматка ылайык, "Юг Экспо-2018" аталышындагы иш-чара 15-август күнү башталып, 17-августта жыйынтыкталат. Ага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстандын компаниялары катышып, туризм, транспорт, айыл чарба, байланыш, машина куруу өңдүү бир катар тармактарга керектүү болгон продукцияларды коомчулуктун назарына сунуштайт.

Ошондой эле ишкерлер үчүн атайын конференция, талкуу жана жолугушуулар уюштурулат.