Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга сапар алат

Өлкө башчы саммитке катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков келерки жумада Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен бара турганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө президенттин визити Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен жүзөгө ашары айтылат.

Сапардын алкагында Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу боюнча эл аралык фондду негиздеген мамлекет башчылардын саммитине катышмакчы.