Сентябрь келе жатат, салык төлөөнү унутпагыла! Салыкчылар эскертти

Төлөмдү кечиктиргендерге 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы жер, транспорт жана турак жайлар боюнча салыкты төлөө мөөнөтү өткөндөн кийин рейд уюштурат. Бул туурасында аталган кызматтын басма сөз бөлүмүнөн кабарлашты.

Панкратов коомду дүрбөлөңгө салган салык тууралуу айтып берди
1-сентябрда транспортко, ал эми 2-сентябрда турак жайга, батир, үйгө (ишкердик үчүн колдонулбаган жай) жана жерге (огород, бакча, үйдүн алдындагы аянттар) салык төлөө мөөнөтү аяктайт. Эгерде жарандар өз учурунда төлөбөсө, 2 миң сом айып пул салынып, туум чыгат.

Салыкты ар бир банктын кассасы, почта бөлүмдөрү, андан сырткары, терминалдар, интернет-кызмат жана мобилдүү банкинг аркылуу төксө болот.

Кененирээк маалыматты 194 телефон номери же sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Буга чейин 5-октябрдан тарта салыкчылар менен ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери салык төлөбөгөндөрдү текшерүү иштерин баштай айтышкан.