Адамдын кандай экени сунган аякты алганынан билинип... Кымыз ичүү салты

Бал кымыз, тунма кымыз, сөөк кымыз, гүл кымыз... Бүгүн колумнист Шаакан Токтогул дал ушул улуттук суусундуктун аки-чүкүсү тууралуу кенен айтып бермекчи.
Sputnik

Кымыз кыргызда эң негизги баалуу суусундук болгон. Суусундук болуу менен бирге кишинин ден соолугуна да өтө пайдалуу. Суусасаң чаңкоону басат, алсыз болсоң (иммунитет алсызданса) кубат берет, оорусаң дары болот (кан айланууну жакшыртып, канды тазалайт, ички органдарга, айрыкча ашказанга пайдалуу жана тамак сиңирүүнү жөнгө салат). Шибердин ширелүүсүн тандап жеп, жыттусун оттогон бээнин сүтүн тобурчакка ышталган сабага куюп (түбүндө көрөңгөсү бар), бишкек менен бышып отуруп жасалган суусун.

Кымыздын түрлөрү

Кымыздын абалына, кошулмасына же даяр болушуна карап бир нече түргө бөлүшкөн. Төмөндө курамына карай бөлүнүшү:

Саамал кымыз – сабадагы кымызга жаңы саалган сүттү куюп, бирок бишкек менен бышыла элеги. Бышпаган кымыз. Ал эми көп бышылып, түнөгөнү нак кымыз делет.

Акка байланыштуу 9 "болбойт"
Бал кымыз — жердин өзгөчөлүгүнө, чөбүнүн ширесине ылайык, даамдуу, ыраактан келсе да көбүрүп-жабырбай, бир калыпта тура берген кымыз.

Тундурма кымыз — таң заардан, тунуп калган кымыздын үстүңкү көк кылтыр суусун сузуп алат. Абдан күчтүү, ошону менен катар дарылык касиети күч. Байыркы бабалардын сексен, токсон жашка чейинки дымактуу, демдүү жүргөнүнүн сыры дал ушул тундурма кымызда деп элдик билимдерден укканым бар.

Тунма кымыз — эң күчтүү кымыз. Бээнин сүтү атайын даярдалып, бал кошулуп чайкалып, мейиз кошулуп бышылып, үч-төрт күн ачытылып жасалат.

Чайкаган кымыз — жакшы ачыган кымызга бал кошулуп чайкалып, андан кийин саамал кошулуп көпкө бышылат.

Ачыган кымыз — жакшы бышылган жаш кымызга саамал, жанчылган мейиз, набат кошулуп чаначка куюлуп даярдалат. Жакшы тамагын конокко сактап көнгөн кыргыз кадырлуу коноктор үчүн же тойлорго атайы даярдаган.

Ал эми жыл мезгилин карай да бөлүнгөн.

Ууз кымыз — эрте жаздагы кымыз. Таттуу келип, көп ооруга дары саналган.

Жылкынын түрү менен сынын ким билет? Айтуяктын асылы тууралуу
Гүл кымыз — жайдын толуп турган кезинен күзгө чейинки кымыз. Элдик билимде үркөр баткандан соң чөп күчүнө кирет дешет. Демек, ошого жараша кымыз да күчтөнөт.

Сөөк кымыз — чөп бышкан күздөн баштап кышка чейинки кымыз. Шырылдаң кымыз деп да аталат. Бээлер байып сүтү коюуланып калгандыктан кымыран көбүрөөк кошулат. Ошон үчүн коюу, күчтүү, аш болумдуу болот.

Кымыз ичүү жөрөлгөсү

Ак деп аяр мамиле жасалып, төкпөй-чачпай, аздек мамиле жасалган. Үйгө келген кишиге сөзсүз кымыздан ооз тийгизишкен. Көч өтүп баратса да суусунга кымыз берүү салт болгон. Бейтааныш кишинин, жолоочунун кымыз ичкенинен эле кандай киши экенине баа бере билишкен. Кесени олдоксон алып, шыпкап жутса, орой мүнөзүнөн, алакөөдөктүгүнөн кабар берген. Кесени катуу кармаса, тексиз жердин баласы деп билишкен. Колдун учу менен, бирок кош колдоп кармап, бир жутуп кайра берүү сыпаалыктын, ак сөөктүктүн белгиси болгон. Анан да улуу киши, аксакал киши турган жерде өзүнө сунулган аякты аксакалга сунуу — жөн билгилик.

Сабанын түбүн какшытпайт! Кымызга байланыштуу 6 "болбойт"
Айкөл баянында Кытайдан кордук көрүп, казактын Көкчөсүнөн көңүлү калып, ашуу ашып, бел басып, аты ыргайдай, өзү торгойдой болуп арып-азып келген Алмамбет атабызга аян көрүп, атайы күтүнүп чыккан Манас ата, кырк чоросу кымыз сунат. Каны катып, карды ачып, кубаты качып араң турса да мырзалыкты билгизип, сыпаалыкты туйгузуп, аякты алгач Бакай атага сунуп, анан өзү бир уурттап кайра берет эмеспи. Ошондо Бакай баш болуп Манас ата, кырк чоронун бардыгы Алмамбеттин тегин адам эмес экендигине баа беришет.

Илгери сый конок тоскондо бир үйгө бир аякчы (кымыз сунган жигит) дайындашкан. Кыздуу үйдө кыякчы, кымыздуу үйдө аякчы деген кеп ошондон калган. Аякчы кымызды бир тизеси менен чөгөлөп оң колу менен ийиле сунган. Алган киши кош колдоп башын бир аз ийип алган.

Эгер кымыз сунулган киши атчан болсо алгач кымыздан аттын жалына тамызып туруп ичкен. Анткени аттын жалы ыйык деп эсептелген. Бул ата-бабадан калган салт катары кылымдардан кылымдарга уланып келген.