Бөлтүрүк кучактаган Базарбай. Дүйшөнбек Байдөбөтовдун сүрөттө калган элеси

Sputnik

Дүйшөн Байдөбөтов көп жылдар бою Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык улуттук театрында эмгектенген.

Народный артист Кыргызской Республики, актер Дуйшенбек Байдоботов
Уулум каза болгондон кийин эле алдан тайдым. Дүйшөн Байдөбөтовдун акыркы маеги. Аудио
Байдөбөтов чыгармачылык жолун Алай райондук элдик театрынан баштаган. Ал эми улуттук театрга 1991-жылы келген. "Мен — Тянь-Шань!" тасмасында Илястын, "Акбаранын көз жашында" Базарбайдын, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, соңку фильмдерде "Белгисиз маршрутта" айдоочунун ролун аткарган.

Ал эми театр сахнасында Курманбек баатырдын, Отелло, Танабай сыяктуу каармандардын образын жаратып, жаш муунга да устаттык кылган.

Актер 1949-жылы 5-январда Ысык-Ата районунун Үч-Эмчек айылында туулуп, 69 жашында киндик каны тамган кичи мекенинде жерге берилди.