Бишкектеги эки чоң көчөнүн кесилиши маал-маалы менен жабылат. График

Калаа бийлиги алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бөкөнбаев көчөсү менен Манас проспектисинин кесилиши оңдоо иштерине байланыштуу жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү ремонтко жабылат
Билдирүүгө ылайык, 14-август күнү саат 12:00дөн 19:00гө чейин аталган трассадан өтүүгө болбойт. Оңдоо иштери 15-август күнү эртең мененки саат 07:00дөн 19:00гө чейин улантылмакчы. Бул убакыт аралыгында айдоочулар Токтогул көчөсү аркылуу өтө алышат.

Калаа бийлиги ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, алдын ала альтернативдүү жолдорду тандап алууга чакырат.