Апта ирмеми: Сибирдеги африкалык жоокерден чапчышкан арстандарга чейин

Sputnik

Калифорнияда (АКШ) 17 ири токойдо өрт чыгып, анын кесепетинен алты адам көз жуумп, дагы жетөө дайынсыз болууда. Аталган штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 8-августта Азиз Суракматовду борбор калаанын 14-мэри кылып шайлады.

Испаниянын 40 провинциясында аба температурасынын кескин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу коркунучтун эң жогорку чеги белгиленди.

Сооронбай Жээнбеков эмгек өргүүсүн кантип өткөрдү. Ысык-Көлдө тартылган сүрөттөр
Россиянын Новосибирск облусунда "Аскердик чалгындоонун отличниктери — 2018" сынагы өттү.

9-августта Бишкек эт комбинатында өрт чыгып, тилсиз жоо беш миң чарчы метрдей жерди жалмаган.

Лондондо жайкы спорттун түрлөрү боюнча Европа чемпионаты болуп өттү.

Индонезиянын Ломбок аралында болгон ири жер титирөөдөн 387 адам мерт кетип, 13 миңден ашык жаран жабыркады. Жаратылыш кырсыгы катталган жерден 400 миңдей тургунду өз турак жайларын таштап кетүүгө аргасыз кылды.

Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында митинг болду өттү. Нааразы болгондор өлкөнүн сенаты келиндерди курсактагы баласын 14 жумага жеткирбей аборт кылдырууга тыюу салган чечимине каршы чыгышты.

1 / 16
Жалындаган токойдон качып бараткан бугу. Калифорнияда (АКШ) 17 ири токойдо өрт чыгып, анын кесепетинен алты адам көз жуумп, дагы жетөө дайынсыз болууда. Аталган штатта өзгөчө кырдаал жарыяланды.
2 / 16
Гонконг шаарынын четинде түгөйлөр күндүн батып баратканынан көз салып отурат
3 / 16
Индиянын Сринагар шаарында балыкчы кайыкта сүзүп бара жатат
4 / 16
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 8-августта Азиз Суракматовду борбор калаанын мэри кылып шайлады. Ага 45 депутаттын 44тү катышып, 43ү жалгыз талапкерди колдосо, бир депутат каршы добуш берген. Суракматов борбор калаанын 14-башчысы болду.
5 / 16
Севилье шаарындагы термометрдин көрсөткүчүнүн жанында сүрөткө түшкөн адам. Испаниянын 40 провинциясында аба температурасынын кескин көтөрүлүп кеткендигине байланыштуу коркунучтун эң жогорку чеги белгиленди.
6 / 16
Пражск зоопаркында горилла балмуздак жеп отурат
7 / 16
Зимбабве өлкөсүнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Новосибирск облусундагы "Аскердик чалгындоонун отличниктери — 2018" сынагында.
8 / 16
Борбор калаанын Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан заводдо өрт чыккан. Окуя болгон жерге беш өрт өчүрүүчү, төрт суу ташуучу унаа жана Өрткө каршы кызматтын беш бөлүмүнүн жумушчулары тартылган. Анда тилсиз жоо беш миң чарчы метрдей жерди жалмаган.
9 / 16
Улуу бБританиялык спортчу кыз жайкы спорттун түрлөрү боюнча Европа чемпионатынын финалдык бөлүгүндө темирди алыска ыргытып жаткан учуру.
10 / 16
Кронберг шаарындагы зоопарктын бассейнинде пингвин сүзүп жүрөт.
11 / 16
Ломбок аралындагы жер титирөөдө жабыркагандардын лагериндеги кыз. Жаратылыш кырсыгында 387 адам мерт кетип, 13 миңден ашык жаран жабыркап, 400 миңдей тургун өз турак жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.
12 / 16
Сдерот шаарынын чети. Асманда учкан ракетанын изи.
13 / 16
Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында митинг болду өттү. Нааразы болгондор өлкөнүн сенаты келиндерди курсактагы баласын 14 жумага жеткирбей аборт кылдырууга тыюу салган чечимине каршы чыгышты.
14 / 16
Түркиянын Каппадокия шаарынын үстүндө учкан аба шарлары.
15 / 16
Грециялык спортчу кыз жайкы спорттун түрлөрү боюнча Европа чемпионатындагы синхрондук сууда сүзүү боюнча турнирде.
16 / 16
Лондон зоопаркындагы эркек жана ургаачы арстандар