БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жер шарындагы алгачкы адамдар жалкоолуктун айынан жок болуп кеткенин "Известия" басылмасы окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен билдирди.
Австралиялык окумуштуу-антропологдор мындан 3 миллион жыл мурда пайда болгон homo erectus жалкоолуктун айынан жок болуп кеткенин айтышты. Адистер мындай жыйынтыкка алгачкы адамдардан турган жерин иликтегенден кийин келишкен. Адамзаттын ата-бабалары эмгек талап кылынган тиричилик буюмдарын жасаган эмес. Алар кол алдында болгон гана материалдарды колдонуп, жаңыларын табууга аракет кылышкан эмес.
Ал эми миллион жыл мурда пайда болгон неандерталец менен кроманьонецтер түрдүү нерселерди ойлоп таап, алдыга карай өнүккөн.