Олимпиада-2008дин унутулган, дат баскан, каралбай калган жайлары. Сүрөттөр

Sputnik

Самые необычные фонтаны мира — Хрустальные миры Сваровски
Укмуш! Дүйнөдөгү өзгөчө фонтандар сүрөттө
2008-жылдагы Пекин Олимпиадасынын декорациялары менен анын өтүшүнө көрк берген курулуштар азыр мышык ыйлай турган абалда калганын Sputnik Өзбекстан жазды. Алардын каралбай дат баскан, унутулган, талкалана баштаган, ээн калган сүрөттөрү жарыяланды.

Бейсбол комплекси түрттүрүлүп, анын ордун таштанды ээлептир. Олимпиада менен Паралимпиаданын белгиси болгон жандыктардын жасалган ири элестери ар кай жерде калган.

Эксперттер адаттагыдай чыгым көп жумшалып курулган жана сейрек колдонула турган курулуштар Олимпиада өткөргөн тараптардын баш оорусу экендигин айтып келишет.