Үлпөт тойдун алдында сүйлөшкөн кызым менден баш тартты. Жаш жигиттин муңу

Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
Sputnik

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында мына-мына үйлөнөм деп турганда болочок келинчеги турмуш куруудан баш тартып койгон баланын тагдыры баяндалат.

Саламатсыздарбы. Бир жумадан бери өзүмө келе албай башым эңги-деңги болуп жүргөн кез.

Кайнатамдын мойнунда отургандан тажадым... Өзүн күч күйөө сезген жигиттин арманы
Мына-мына той болот деп кафе, тамада, малдан бери алып даярдап, үйлөнөм деп кудуңдап жүргөм. Бир күнү үлпөт көйнөктү тандап жатсак болочок келинчегим "турмушка чыгууга моралдык жактан даяр боло элекмин, тойду кое туралычы" деп мени нес кылды. Элестетип көрүңүздөр, үлпөт көйнөктү тандап, тойго чакыруу барактарынан бери таратып койгонбуз. Кафени ээлеп, тамадага алдын ала акча берип, малдан бери алган элек. Эки жума калганда баарынан баш тартып мени эле эмес, ата-энемден бери убара кылды. Убарадан мурун мен анын мындай чечимин эч эле түшүнө албай таң калып жатам. Анткени сүйлөшүп, кыз-жигит болуп жүргөнүбүзгө төрт жылдан ашты. Колун сурасам макул болуп, ата-энелерибизден бери тааныштырганбыз.

Эми мен ишенип түбөлүк жар кылам деген кыздын кылганы бул. Ооба, үй-бүлө куруу чоң жоопкерчилик бирок аны мага макулдугун бергиче же тойду белгилей электе айтса болбойт беле? Жиним менен ала качып кетсемби деген да ойлор келди. Бирок ата-энем "көңүлү жок болсо, кыйнап алып келбе" деди. Аны ушунчалык жакшы көрүп, айткан сөзүн эки кылбай аткарчумун. Бирок бул ирет ал менин досторумдун, ата-энемдин, туугандарымдын алдында катуу сындырды. Көңүлүм калып калды. Үйдүн жалгыз баласымын, ата-энемдин жашы да бир топко келип калгандыктан эки-үч жылдан бери "үйлөн-үйлөн" деп атып тилдери тешилген. "Аял алам" дегенде кубанычтары койнуна батпай үй-жайын оңдоп, апам болгон дүйнөсүн "келиниме өткөрүп берем" деп кубанып жүргөн. Тойго деп насыя да алып алганбыз.

Ызаландым, жолугушууга чакырып "эмнеге так тойдун алдында баш тартып жатасың, кичине эртерээк айтсаң болбойт беле, сага эмне болду?" деп сурасам, башын жерге салып "мен сени жакшы көрөм, бирок азыр үй-бүлө курбай кое туралычы" деп жооп кайтарып тим болду. Андан башка эч нерсе деген жок. Намыстанып "экөөбүз мындан кийин кыз-жигит да болбойбуз" деп басып кеттим. Ошол бойдон чалышкан да, жазышкан да жокпуз. Ата-энеси эмне деп айтканын, өзү кандай абалда экенин билбейм. Ичимен күйүп-бышып аны менен чогуу болгум келсе да, намысым жол берген жок. Апам ак жоолугун кармаган бойдон отуруп калды. Жиним менен атайын эле башка кызга үйлөнүп алсамбы дедим, апам ушунчалык кайраттуу, сабырдуу киши "балам шашпай, ойлонуп чечим кыл, кийин өкүнүп калбагыдай бол" деп токтотуп койду.

Күйөөм көзүмө чөп салып жүрүптүр. Мындан ары кантип жашайм?
Жашым 26да. Үйлөнүүгө шашпай деле койсом болот, тил үйрөнүп чет жакка кетип калсамбы деген да ойлор келди. Бирок небере жыттагысы келген ата-энемди аяйм. Алдыга койгон ой-максат, кыялдын баары талкаланды. Азыр жашоомду эмнеден баштаарымды, кандай кылсам туура болоорун билбей башым катып жүргөн кез. Тааныштарым "той качан, даярдыктар кандай" деп сураган сайын каным кайнап кетип жатат. Жумушка көңүл жок, эптеп эле барып-келип жатам. Жашоомдун жаңы барактарын эмнеден баштасам, кандай кылсам туура болот, кеңеш бериңиздерчи.

"Психоанализ. кж" психотерапия борборунун жетекчиси Муратбек Султанбеков:

Үй-бүлө куруу — чоң жоопкерчилик. Илгери балдар үйлөнөөрдө ата-энеси баарын эрте эле тактап, жакшы кыздарды көздөп аларга сөйкө салып, кудалашып койчу. Кызды тандаар алдында анын тукумун, уруусун, тек-жайынан бери сураштырышкан. Бекеринен илгеркилер "катын албай кайын ал" деп айткан эмес. Бул жерде кайын-журтунун байлыгы, мансабы эмес, ата-энеси кандай кишилер, тарбия көргөн жердин кызыбы деген нерсе негизги орунда болгон. Азыр жаштар көбүнчө интернеттен таанышат, бири-бирин жакшы билбей туруп үйлөнүп алат да кийин анын жыйынтыгы аянычтуу бүтөт. Мурда үй-бүлө кураарда башкача баалуулуктар эске алынчу, азыркылардын көбү сезимге таянып баш кошууда. Башкача айтканда кыздын тек-жайын сураштырбай эле сүйдүм-күйдүм деп алып алышат. Мындай чечим психологияда туруктуу эмес деп каралган.

Бул жерде кыз үй-бүлө куруу жоопкерчилигинен коркуп баш тартып коюшу мүмкүн. Себеби азыр ажырашкандар көп, бала тарбиялоо оңой эмес экенин байкап да коркуп коюшу мүмкүн.

Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Экөөнүн тең маселесин эки башка карап чыгыш керек. Бул бир кеңеш менен эле чечилип калчу иш эмес. Бала азыр намыстын эмоциясына алдырбасын. Эгер кызды чындап сүйүп, аны менен чогуу болгусу келсе, кызда да ушундай сезимдер болсо экөөнө убакыт керек. Бирок көңүл калган да жаман. Көңүлдө, ойдо калып калган нерсени өчүрүш кыйын. Үй-бүлө кураар алдында мындай ажырашуу, жакынын жоготууга барабар. Көп убакыттан бери бири-бирине көнүп калгандар бир нерсе жетпей жаткандай жаман болушат. Ойду өчүргөн менен баары бир эстен кетпейт.

Эгер баары бүттү деп чекит койгон болсо анда артка кылчайбай эч нерсеге өкүнбөсүн. Жаш эле экен убакыт өткөн сайын ага акыл кирип, тандоосу, мүмкүнчүлүгү көп экенин байкай баштайт. Ошол учурда да мүмкүнчүлүктү колдон учуруп жибербей туура чечим чыгаруусу кажет.

Эркек сезимге, намыска алдырган эмес. Ата-энеси баласын бактылуу болушун гана каалайт. Алар менен кеңешип жети өлчөп бир кессин. Анткени өмүрлүк жары менен түбөлүк жашайт. Шашып же намыстанып бирөөнү алып анын да, өзүнүн да бактысына балта чаппагыдай чечим чыгарсын деген кеңеш берем.