Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет

Автоунаалардын бекер берилери же сатылары азырынча так айтыла элек.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет. Бул туурасында аталган өлкөдөгү КРдин элчилигинен кабарлашты.

Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.

1 / 2
Түштүк Корея Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана Тез жардам унааларын берет.
2 / 2
Элчи Кылычбек Султан Сеулдагы Өрткө каршы күрөшүү кызматтын өкүлдөрү менен жолугуп, анда Кыргызстанга куткаруу техникаларын жардам катары берүү маселеси талкууланган.

Чонг Чжэ-ху аймагындагы өрт өчүрүү боюнча райондук башкармалыктын жетекчисинин билдиргенине караганда, өрткө каршы техникалар пайдаланылгандан 8 жылдан, Тез жардам 5 жылдан кийин колдонулбай калат. Андан соң муктаж болгон өлкөлөргө жардам катары берилет.

Меценат Исагалиев кезектегин Тез жардам унаасын Караколдогу ооруканага тапшырды
Жолугушууда келерки жылы аталган кызматтардын ар биринен экиден, төрт автоунаа Кыргызстанга жиберүү каралып жатканы маалымдалды. Бул бекер берилеби же сатылабы, так айтылган эмес.

Мындан сырткары, эл аралык кызматташуу боюнча Корей агенттиги бул багыт менен Кыргызстанга өрт өчүрүүчү төрт бөлүм куруп берүүгө ниеттенип жатат. Анын алкагында дагы 12 автоунаа алып келинери кабарланды.

Андан сырткары, Кореянын бул кызматтары ӨКМ менен Саламаттыкты сактоо министрликтеринин кызматкерлери үчүн техникаларды пайдалануу боюнча атайын окутууларды акысыз уюштурмакчы. Алардын жолго жана жашап, тамактанганга кеткен каражатын Корея тарап өзүнүн мойнуна аларын билдирген.