Гаражда үч жылдан бери токтоп турган 28 унаанын ээси изделүүдө. Тизме

Эгер унаа ээлери табылбай калса, мамлекеттин менчигине өтүп кетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түндүк-чыгыш бажысы "Риом" унаа базарынын гаражына 2015-жылы токтотулган автомашиналардын ээлерин издөөдө. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, андагы бардык унаалар бажы каттоосунан өткөн эмес. 

Список автотранспортных средств, находящихся длительное время на территории склада без таможенного оформления

Автоунаага ээлик кылгандар өздөрүнүн кагаздары менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын Курманалиев туюк көчөсүнүн 1а дарегиндеги Түндүк-чыгыш бажысына кайрылуусу керек.

Кошумча маалыматтарды төмөндөгү телефон номерлери аркылуу алууга болот:

— (0312) 90-76-30, 47-30-45 (бажы начальниги, кабылдама);

— (0312) 90-74-07 (бажы начальнигинин орун басары);

— (0312) 90-74-08 (бажы көзмөлдөө бөлүмү);

— (0312) 90-74-04 (нөөмөт кызматы).

Эгер унаа ээлери табылбай калса, мамлекеттин менчигине өтүп кетиши мүмкүн.