АКШда уурдалган самолеттун кырсыкка кабылган видеосу интернетке тарады

Захват самолета Horizon Air Bombardier Dash в Вашингтоне
Уурдалган самолеттун артынан эки аскер учагы кууган.
Sputnik

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Интернет айдыңында АКШда уурдалган Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү жарандык учактын кулаган жеринде тартылган видео тарады.

​Буга чейин Alaska Airlines авиакомпаниясынын кызматкери Сиэтлдагы аэропорттон учакты уурдай качкандыгы кабарланган. Кийин ал самолетту F-15 үлгүсүндөгү эки аскер учагы кууган. Диспетчерлер учакты башкарып бараткан адам менен байланышып, аны шаардан алыс жерге багыттаган.

Учак 15 мүнөт абада калкып, Кетро аралына жакын жерде кулаган. Учурда кырсыкка аскердик учактардын тиешеси жоктугу айтылууда.