Юридикалык багытта билим алып жаткан студенттер 2-3-курстан баштап тажрыйба топтоп иштеп башташы керек. Мындай пикирин Жеңишбек Арзыматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай студенттерге 5-курста жумушка сунуштар түшүп калуусу мүмкүн.
"Ар бир эле студент 2-3-курстан баштап өзүнүн кесиби боюнча бекер иштеп болсо да тажрыйба топтошу керек. Анткени теория менен практика такыр башка. Кесиби боюнча эрте иштеп баштагандардын көпчүлүгү окууну аяктап жатканда жумуш менен камсыз болуп калат. Жаштар карьера куруудан башкаларга эмес, бир гана өзүнө ишениши керек", — деди ал.
Арзыматов эл аралык кыргыз юристтери өтө аз санда экенин кошумчалады.