БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын ата-энеси, Словенияда жашаган Виктор менен Амалия Кнавс Американын жарандыгын алды. Бул туурасында NBC телеканалынын журналисти Келли О'Доннелл Twitter баракчасына жазган.
Кнавстардын жактоочусу Майкл Уилдс февраль айында АКШнын азыркы президентинин жубайынын ата-энеси АКШнын туруктуу жашоочусу деген макам (Жашыл карттын жардамы менен) алганын билдирген. Бул кабардан кийин Дональд Трамптын дарегине сын-пикирлер жамгырдай жаады. Учурда мыйзамдуу иммигранттарга аталган өлкөгө туугандарын, ата-энесин, бала-чакасын, күйөөсүн же аялын чакырууга укук берилген. Бул укуктан Меланья Трамп да пайдаланган.
"Анын (АКШ президентинин – ред.) аялынын туугандары, Меланья Трамптын ата-энеси эми АКШнын жараны болуп калды. Бүгүн алар Нью-Йоркто ант беришти", — деп жазды О'Доннелл.
Анын айтымында, Ак үй кандайдыр бир комментарий жасоодон баш тарткан.