Шаардык сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап жатат

Райондук сот Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап жатат. Бул ирет сот залына журналисттер киргизилип, бирок сүрөт, видеого тартканга уруксат берилген жок.

Белгилей кетсек, Биринчи Май райондук соту 31-июлда Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, 5-октябрга чейин камакта калтырган.

Исаковдун адвокаты ТЭЦтеги авария боюнча депутаттарга дагы иш козгоону суранды
Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.