Радио

Кошматов: өкмөт мигранттарды түйшөлткөн мыйзамды чечүүгө жардамдашса болмок

Чет жакка чыккан кыргызстандык мигранттардын көпчүлүгү Россияда эмгектенет.
Sputnik
Кошматов: өкмөт мигранттарды түйшөлткөн мыйзамды чечүүгө жардамдашса болмок

Россияда жашаган жерине каттоого туруу мыйзамы чыкканы мигранттарды түйшүккө салды. Бул тууралуу Москвадагы Кыргыз диаспорасынын "Кыргыз биримдиги" коомунун өкүлү, коомдук ишмер Улан Кошматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Белгилей кетсек, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн мигранттар эми жашаган жери боюнча гана каттоого турууга тийиш. Мындай мыйзам ушул жылдын 8-июлунан баштап күчүнө кирди.

"Мурда кыргыздар фирмаларга катталып каалаган жеринде жашай берчү. Мыйзамга өзгөрүү кириши менен депортациялар көбөйдү, полиция көчөдөн кармап кетип эле текшерип жатат. Эгер бир бөлмөлүү үйдө алты адам жашаса,  алардын экөө эле каттоого тура алат да. Анда калганы каякка барат?.. Депортация болуп Кыргызстанга барса жумуш жок, кылмыштуулук өсөт, кризис башталат. Ошондой болбошу үчүн өкмөт башчы, Миграция кызматы келип элдин көйгөйүн угуп, Россиянын өкмөтүнө биз ЕАЭБдин курамында экенибизди эске салып, маселени чечүү жолун сунушташса жакшы болмок", — деди Кошматов.

Тышкы иштер министрлигинин 2017-жылдагы расмий маалыматты боюнча чет жерде иштеген кыргызстандыктардын саны 700 миңге жетет. Анын ичинен 630 миңге чукулу Россиянын аймагында эмгектенет.

Улан Кошматов менен болгон маекти кененирээк Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар.