БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкектин мэрлик кызматы акыры бир күнү абакка алпарары менен кооптуу – калаанын мурдагы башчыларынын тагдырын талдасак, ушундай бүтүмгө келебиз.
Албек Ибраимов (2016–2018)
УКМКнын версиясы боюнча ал жеке жактарга жер тилкелерин пайдаланууга берүүгө мыйзамсыз бөлүштүрүү чийимин, ошондой эле борбор шаардын түштүк аймагында жайгашкан тилкелердин муниципалдык менчиктен мыйзамга жат жол менен чыгарууну уюштурган.
Кубанычбек Кулматов (2014–2016)
Иса Омуркулов (2010–2013)
2013-жылдын аягында Иса Өмүркуловго кылмыш ишин козгошкон. Ага Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын чектерин мыйзамсыз белгилегендиги – калаанын башкы планына салыштырмалуу алдаканча кичирейтилгендигине байланыштуу кине тагылган. Андан тышкары, Өмүркулов шаардын түштүк аймагын ийне-жибине чейин пландаштыруу долбоорунун корректировкасын мыйзамсыз пайдаланууга шектелип, КР КК 305-беренеси (жер мыйзамын бузгандыгы үчүн) боюнча айыпталган. Бирок, сот аны толугу менен актаган.
Нариман Түлеев (2008–2010)
Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутатына 2012-жылы коррупция боюнча кине тагылган. Кылмыш иши Кытайдан автобустарды сатып алууда, ошондой эле 200 миллион сомдук муниципалдык облигация чыгарууда мыйзамсыз аракеттерден улам козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган.
Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом кайтарып берип, 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан.
Данияр Үсөнов (2007–2008)
Курманбек Бакиевдин чыйырлаштарынын бири бир катар кылмыш иштери боюнча сыртынан соттолгон. Алардын бири боюнча Үсөнов мүлкүн конфискациялоо менен сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Ал Ататүрк атындагы парктын аймагынан 11,31 гектар жер тилкесин мыйзамсыз алгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган (андан мамлекетке 160 миллион сом зыян келтирилген). Ушул тапта борбор калаанын мурдагы башчысы жашаган өлкөсүн, ысымын, фамилиясын, атасынын атын алмаштырган.