Айтматов проспектисинин түштүк тарабы оңдоодон кийин ачылды

Жолдун бир бөлүгү ачылса, экинчи тарабы оңдоо үчүн жабылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Бишкекте Айтматов проспектисинин Ахунбаев көчөсүнөн Ажыбек баатырга чейинки бөлүгү ачылды. Бул тууралуу мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгынан маалымдашты.

Оңдоо иштери тогуз күндүн ичинде аяктап, бүгүн түнү кыймыл үчүн ачылды.

Ошол эле учурда Айтматов проспектисинин башка бөлүгү ремонтко жабылды.