Финпол аткезчилик жол менен КРге кирген кымбат баалуу унааларды камакка алды

Мыйзамсыз схеманын кесепетинен бажы төлөмдөрү казынага түшпөй мамлекет эки миллион сом зыянга учураган.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Өлкө аймагына аткезчилик жол менен көп сандагы кымбат баалуу унааларды алып кирген ири схеманын бети ачылды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Выявление крупной схемы контрабанды дорогих автомобилей в КР

Маалыматка караганда, мындай схеманы түзүүгө Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча департаменттин өкүлдөрү катышкан.

"Алар ЕАЭБден келген унааларды мыйзамсыз негизде каттоого алып, мамлекеттик номер жана каттоодон өткөнү боюнча күбөлүк жасап берип турушкан. Бул документтерди колдонгон аткезчилер Россия, Беларуссия жана Казакстандын чек араларынан тоскоолдуксуз өтүп турган", — деп Финполдон билдиришти.

Мунун кесепетинен бажы төлөмдөрү казынага түшпөй мамлекет эки миллион сом зыянга учураган.

Кыргызстанга кымбат унааларды мыйзамсыз алып кирүүнүн схемасы ачыкталды
Жалпы жонунан 120 унаа аныкталды. Анын ичинен 25и жүк ташуучу унаа, 25и "премиум" класстагы — Lexus 570, Toyota Land Cruiser, Mercedes Benz GL 500 жана башкалар. Автоунаалардын баары камакка алынды.

Финпол унааны өлкө аймагына алып кирген жаран ыктыярдуу түрдө бажы төлөмдөрүн айып пулу менен кошо төлөп, бажы каттоосунан өтсө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн экенин белгиледи.

Ушул багыттагы мыйзамсыз иштердин бетин ачуу иштери улантылууда.