Белгилей кетсек, Азиз Суракматовдун талапкерлигин көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Ал шайлоодо жалгыз талапкер болду.
Азиз Суракматов ага ишеним көрсөткөн шаардык кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Бишкек шаарын өнүктүрүүгө аракет кыларын айтып, бул жаатта шаардык кеңеш менен бирге иш алып барарын белгиледи.
Азиз Суракматов 47 жашта, Чүй облусунда туулган. ЖКнын V чакырылышынын депутаты.