Айтматов проспектисинин бир бөлүгү ремонтко жабылат

Оңдоо иштери 28-августка чейин улантылат.
Sputnik

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Оңдоо иштеринен улам Айтматов проспектисинин Ахунбаевден Горький көчөсүнө чейинки аймагы жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Бишкектеги Эркиндик гүлбагынын төмөн жагы эки тарабынан жабылмай болду
Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча аталган аймактагы оңдоо иштери 8-августта башталып, 28-августка чейин улантылат. Бул убакыт ичинде жолго жаңы асфальт төшөлүп, бордюрлар коюлат.

Айтматов проспектисинин аталган бөлүгүнө айдоочулар Токтоналиев, Жунусалиев жана Бакаев көчөлөрү аркылуу өтүшсө болот.

Ал эми 11-12-августта Айтматов проспектиси менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде оңдоо иштери жүрөт. Калган күндөрү Айматов проспектисинин Айни, Жаманбаев жана Горький көчөлөрүнө чейинки аймактары автоунаа үчүн ачык болот.