Радио

Радиорежиссер, актер Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты

Маркумдун сөөгү 8-август күнү Бишкек шаарында жерге берилет.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргыз Эл артисти, радиорежиссер, актер Турсун Уралиев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу КТРКдагы кесиптештери кабарлады.

Жамандык, өлүм-житимге байланыштуу 15 "болбойт"
Катуу ооруп жаткан актер 85 жашта болчу. Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган.

1957-жылы Ташкент шаарындагы Николай Островский атындагы театралдык институтту аяктап, эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

1958-жылы КТРге режиссер болуп кабыл алынып, кыргыз радиосунун алтын фондусун түптөгөндөрдүн бири. Ал Саякбай Каралаевдин үнүн радиого түшүргөн эң алгачкы режиссер, "Манас" эпосун сактап жайылтууга эбегейсиз салым кошкон белгилүү инсан.

Маркумдун сөөгү 8-август күнү Бишкек шаарында жерге берилет.