Коррупциядан кайсы орган миллиондорду өндүрдү. Тизме

Атайын эсеп президенттин буйругу менен ачылган.
Sputnik

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. УКМК менен Финпол коррупция менен күрөшүүдөн түшө турчу акчалар топтоло турган атайын эсепке миллиондогон сомдорду которгонун билдирген. Тагыраагы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9,54 миллион сом, ал эми Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 80 миллион сом которгон.

Башкы прокуратура Тарых музейин оңдолушу боюнча кылмыш ишин козгоду
Каржы министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 1-августка карата атайын эсепке жалпысынан 255 миллион 500 миң сом түшкөн.

Атап айтканда Финпол 63, 362 миллион сом, УКМК 132,71 миллион сом, Башкы прокуратура 59, 326 миллион сом жана ИИМ 533 миң сом которгон.

Ал эми 7-августка карата атайын эсепке 345 миллион 54 миң сом топтолду.

Чогулган каражат өкмөттүн чечими менен гана бөлүштүрүлөт. Мындай жаңы аракеттер эсепке алуунун жана каражатты бөлүштүрүүнүн натыйжалуулугун арттырат.