Ысык-Көлдүн Тоңунда жер титиреди

Силкинүү Тоңдун Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында сезилген.
Sputnik

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн түндө Ысык-Көлдүн Тоң районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер түнкү саат 3.36да силкинген.

Жер титирөө Тоңдун Ак-Сай, Кызыл-Туу, Тогуз-Булак айылдарында сезилген.

ӨКМдин такталган маалыматы боюнча силкинүүдөн эч ким жабыркаган эмес.