Малыңды союп, боорсогуңду жасап берем! Той-ашта керек болчу 7 кызматтын акысы

Шаар тургундарынын көбү азыр жакшылык-жамандык, той-аштарда ар түрдүү тейлөө кызматтарын колдонууга муктаж болуп калышты. Себеби айрымдары көп кабатуу үйдө жашап сыртта мал союп, эт салууга шарты келбесе, кээ бири жумуштан бошобой, эч нерсеге жетишпей калышы ыктымал.
Sputnik

Август айы башталып той-ашка чакыруулар биринин артынан бир келе баштады. Жумуштан бошобой, бирок ашпозчу жалдап, боорсок жасатып же палоо бастырыш керек болуп калса Sputnik Кыргызстан агенттиги сиздер үчүн керектүү материал даярдады. Төмөндө той-аштарда керектүү жети кызмат акылары менен жазылды.

Касапчы

Празднование Курбан-байрама в регионах России
Бишкекте касапчылардын кызмат акысы ар кандай. Айрымдары жардам бере турган киши болсо, жылкы менен уйду 3500 сомго союп, устукандап, жиликтеп берет. Ал эми кой-козунуку 500 сомдун тегереги. Эгер жардамга киши жок болсо жылкы менен уйду 4500, кой-козуну 1000 сомго союп, жиликтеп даяр кылып берет.

Шаардыктардын көбү атайын мал сойгон жайга барышат. Ал жакта көбүнчө бодо малды (жылкы, уй) 2000 сомго союп, жиликтеп, ичеги-карынынан бери артып берсе, кой-козу 500-1000 сомго чейин бааланат.

Боорсок жасагандар

Национальное блюдо боорсок
Үйдөн чара-чара боорсок жасаган да калып баратат. Себеби даамдуу боорсокторду жасаган кызматтар көп.

Жөнөкөй эле кесилген төрт бурчтуу боорсоктун килограммын 120 сомго жасатса болот. Ал эми кооз кылып кесилген боорсоктордун 1 килограммы 140-150 сомго бааланат. Беш килограммдан көп боорсокко буйрутма бергендерге шаар ичинде жеткирүү акысыз.

Палоо баскандар

Международный фестиваль плова "Дружба народов Азии" в Оше
Жамандыкта, кырк-ашта көбүнчө палоо басылат эмеспи. Эгер сизге мындай кызматтын түрү керек болсо чайканаларга кайрылсаңыз болот.

Чайканалардын палоо баскан ашпозчуларынын кызмат акысы бир аз кымбатыраак. Алар буйрутмага 1 килограмм палоону 1200-1500 сомго басып, жеткирип берет.

Эгер керектүү азык-түлүктү даярдап үйдөн бастырам десеңиз килограммы 500-700 сом болот.

Мындан сырткары, өз үйүнөн палоо басканга буйрутма алып иштегендер бар. Алар 1 килограмм күрүчтү 900-1200 сомго чейин басып, жеткирип берет.

Ашпозчу

Золотая свадьба в семье алтайских казахов
Той-топурда салат, тамактын түрүн жасап убара болгуңуз келбесе ашпозчу деле жалдай калганыңыз дурус. Анткени алар жер —жемиштен тарта салат, тамакка керектелүүчү азык-түлүктү даана жеткидей кылып жазып беришет.

Ашпозчулардын орточо кызмат акысы — 5000 сом. Анын ичинде төрт түр салат, эки түр тамак кирип, дасторконду да белендеп берет.

Идиш жуугучтар

Презентация новой модели питания для школьников в Бишкеке
Идиш-жуугучтардын кызмат акысы — бир күнгө 1000-1500 сомго чейин. Бир идиш жуугуч 20 кишини тейлей алат. Эгер 50гө чукул мейман тосо турган болсо, үй ээсинин эки идиш жуугуч жалдаганы туура.

Эгер ашпозчу, идиш жуугуч, официантты чогуу бир эле эле чакырам десе 9000 сомго бааланат.

Идиш-аяк ижарасы

Празднование Навруза
Азыр той-аштарга идиш-аяктан бери ижарага берилип калган.

30 кишиге ылайыктап идиш-аяк алам десеңиз кашык, вилка, чыны, тарелканын баары биригип 6000 сом турат. Ижарага бергендер аны өздөрү алып келип коюп, кайра баарын санап алып кетет.

Казан-аяк алам десеңиз 150 литрлик казан капкагы менен суткасына 600 сомго берилет.

100 литрлик казан 500 сом, 50 литр 400 сом, 12,5 литр казандын ижара акысы 200 сомго бааланат. 50 литрлик мискейлер 200 сом. Шашлык бышырууга мангал 15 таягы менен бир күнгө 200 сомго ижарага берилет.

Ижарага берилчү үйлөр

Внутреннее убранство кыргызской юрты
Куда тосуу, кыз узатуу, шеринеге айрымдар атайын конок үйлөрүн ижарага алат. Алар суткасына 4000 сомдон 10000 сомго чейин берилет. Кымбатыраак 10 000 сомдук үйлөрдө боз үйү, очок, казаны, отуну, идиш-аягы бүт даяр болот.