Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Чачы жайыла бергенде кыз киши экенин таанып...

Жакшы жатып, жай турдуңузбу, мекендеш. Апта аптаптуу башталчудай. Бүгүн Бишкек менен Чүйдүн аймагында абанын температурасы +36 градуска чамалап барары айтылды.
Sputnik

Синоптиктер бир жумуга алдын ала божомолун айтып Бишкек менен Ош шаарларында апта ичинде күндүз абанын температурасы 30 градустан төмөн болбостугун кабарлады.

Президент кандай эс алды? Кыргызстанда бул учурда элдин көбү жайкы эс алууга кетет. Өткөн аптада алардын катарын президент Сооронбай Жээнбеков толуктап, эс алып келгенин төмөнкү сүрөттөрдөн көрүңүз. Эл деген кызык, арасынан ар кандай адамдар, пикирлер чыгат. Социалдык тармакта "эмнеге костюмчан эс алып жүрөт" деген маанайда пикир жазып, ичи чыкпагандар болду. Айтор, акырын басса аксак, катуу басса таскак… 

Отпуск президента КР Сооронбая Жээнбекова на Иссык-Куле

Эс алууну унутуп калган адамдар биздин коомдо жок эмес. Алардын бири ак халатчандар. Адам айыгып кетсе кубанып, жоготуп алса, көз жаш төккөн медиктердин бири, Нарында иштеп, жашап жаткан дарыгер кыздын агынан жарылган маегин жарыяладык. 

Көз жаш демекчи, бул видеону кайдыгер карап көрө албайсыз, адамды бир силкип алат экен. Маркум жигит болгону 39 жашка чыкмак. Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскериптир. Сүйүүнүн, сүйүктүүнүн арманын айтып, жашоонун, тирүүлүктүн баркын биле жүрүүнү эскерте да кетиптир…. Адамдар өтө берет, кете берет, ал эми улуу кыймыл кадимки калыбында. 

Сүйүктүүңөрдөн ажырабагылачы! Темир Жумакадыровду жубайы ыр менен эскерген видео

"Кыямат" тууралуу 13 факты. Тирүүлүк демекчи, жашоодогу, түркүн кыл доордогу, ар кыл улуттагы, ар түрдүү диндеги, ар кай жердеги адамдардын тагдырларын бир өзөккө тизип, ар бирин өзүнчө жана биримдикте калчап көрсөткөн "Кыямат" романы тууралуу фактыларды даярдадык. Айтматовдун эбегейсиз ааламына бир саякаттап келиңиз.

Кыздары кыйын кыргыздын. Аттын кулагы менен тең ойноп, эр сайышка түшүп жүргөн Диана аттуу каскадер кызды билет белеңиз. Анча-мынча жигиттер мындай эле калат экен! Эр айыштагы кадимки эле жигит, кең багалектүү шым, башында калпак, алдында алкынган аргымак.. Калпакты чечкенде чачы жайыла бергенде гана кыз киши экендигин тааныйт экенсиз… 

Эр сайышта жигиттерди сулаткан Диана. Каскадер кыздын өнөрү видеодо

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.07 (сатып алуу) жана 68.15 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.00 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.50 сом, ал эми дизель майы 44.80 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Иш аптаңызда ийгиликтүү өтүшүн каалап, Нургүл Максутова.